Канат Исаев: “Кыргызстан” эң туруктуу фракция

Канат Исаев: “Кыргызстан” эң туруктуу фракция

Жогорку Кеңеште 6 фракция болсо анын эң туруктуусу “Кыргызстан” фракциясы. Бул тууралуу «Кыргызстан» саясий партиясынын  курултайында Канат Исаев билдирди.

“Партиянын түптөлгөнүнө 10 жыл болсо да, биз беш жыл мурун саясий күрөшкө аттанып, 2015-жылкы шайлоодо 3-орунду камсыздадык. Ушул жеңиштин арты менен Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Артисбекович, вице-премьер министр Алмазбек Батырбеков сыяктуу мамлекеттик бийликтин эң чоң бутагын аркалап жаткандар биздин партиядан барышты.

Жогорку Кеңеште 6 фракция болсо анын эң туруктуусу “Кыргызстан” фракциясы. Калган фракцияларды карагыла, бөлүнүп чачырап кетти. Биздин фракцияда 18 депутат болсо анын 14ү парламенттик шайлоого аттанып жатат. Бул туруктуулуктун эң жогорку көрсөткүчү”, – деди Исаев.

«Кыргызстан» саясий партиясынын  кезексиз VII съезди Бишкектеги “Аю Гранд Комфорт” соода  борборунда өттү. Анда «Кыргызстандын» шайлоо алдындагы программасы кабыл алынып, талапкерлердин тизмеси түзүлдү. 

Кыргызстандагы парламенттик шайлоо 2020-жылдын 4-октябрында өтөт. Үгүт иштери 4-сентябрдан 3-октябрга чейин уланат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>