Канат Исаев: «Кыргызстан» партиясы БШКнын чечиминин үстүнөн сотко кайрылып, адилеттүүлүк издейбиз

Канат Исаев: «Кыргызстан» партиясы БШКнын чечиминин үстүнөн сотко кайрылып, адилеттүүлүк издейбиз

«Кыргызстан» саясий партиясы Борбордук шайлоо комиссиясынын жумушчу тобунун чечиминин үстүнөн сотко кайрылат. Бул тууралуу бүгүн, 25-августта БШКда аталган партиянын лидери  Канат Исаев журналисттерге билдирди.

Исаев ар бир шайлоо процессинде мындай мүчүлүштүктөр болуп турарын да айтты.

«Элдин тандоосуна жана ашыкча каржылоо болгон учурда гана БШК бир партияны шайлоодон четтетүүгө укуктуу. Ал эми бул техникалык ката. Эч кандай шайлоо процессине таасир этпей турган жагдай. Ыйгарым укутуу өкүл келип, тиешелүү документтерди тапшырбай койду деп жатышат. Бирок, ал өкүлүбүз тастыктап жатат «ооба, менин ишеним катымдын негизинде келип, документтерди тапшырды» деди. Биз БШКнын чечими менен макул эмеспиз. Чечимди колубузга аларыбыз менен сотко кайрылып, адилеттүүлүктү издейбиз», — деп билдирди ал.

Белгилей кетсек, бүгүн, БШКнын жумушчу тобу «Кыргызстан» партиясынын парламенттик шайлоого катышуу үчүн тапшырган документтерин артка кайтарууну чечкен. Жумушчу топ партия документ тапшыруу жараянында эреже бузган деп тапты.

Мыйзам боюнча Жогорку Кеңешке шайлоого бара турган партиялардан талапкерлердин тизмесин жана тийиштүү документтерди кабыл алуу 24-августта саат 18:00дө токтотушу керек болчу.

БШКнын каттоо журналында «Кыргызстан» партиясынын документтерин кабыл алуу убактысы кол менен оңдолуп, 17:59 деп жазылган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>