Site icon Reporter.kg

Канат Исаевдин апасы каза болду

«Кыргызстан» партиясынын лидери Канатбек Исаевдин апасы Асымбүбү Ташыбаева 79 жаш курагында дүйнө cалды. Бул тууралуу партия өкүлдөрү кабарлашты. 

Асымбүбү Ташыбаеванын сөөгү 2020-жылдын 6-июлунда саат 10.00до Чүй районунун Кошой (Калиновка) айылында коюлат.

Асымбүбү Ташыбаева 1941-жылы, 12-майда Нарын облусунун, Ак-Талаа районунда туулган. Өмүрүнүн соңуна чейин мугалимдик кесипти аркалап, 50 жылдан ашык физика-математика сабагынан балдарга билим берген.

Асымбүбү Ташыбаева «Баатыр эне» ордени менен сыйланган, эл агартуучунун төш белгисине ошондой эле Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими наамына татыган.  Артында 7 баласы, 23 небереси, 14 чөбөрөсү калды.

Exit mobile version