Site icon Reporter.kg

Канатбек Исаев: “Биз арабызга жаратман, өз тармагында ийгиликке жеткен лидерлерди тартып жатабыз” — видео

Бүгүн, 30-сентябрда “Кыргызстан” саясий партиясынын лидери Канатбек Исаев Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Жыргалбек Саматов, Нурбек Алимбеков, Нурлан Сулайманов, Салайдин Айдаров, Мирлан Акматбеков, Кубанычбек Нурматов, Ахрор Иминов жана Макен Асанов Ош шаарынын тургундары менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Канатбек Исаев партиянын максаты Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүп, элдин жашоо турмушун жакшыртууга багытталгандыгын белгилеп өттү. Ошондой эле партиянын “Эл үчүн” деген программасында көптөгөн маселелерди чечүү жолдору камтылгандыгын билдирди.

“Биздин жарандар өз үйүндө болуп, ата-энесинин жанында жашап, мамлекеттин жыргалчылыгы үчүн иштеши керек. Өлкөдө партиялар көп, бирок алардын бири дагы биздин партиядай көп жумушчу орундарын түзгөн жок деп жоопкерчиликтүү түрдө айта алам. “Кыргызстан” партиясы реалдуу түрдө өндүрүшкө жана өнөр-жайдын өнүгүшүнө салым кошум келе жатат. Мына биздин партиялаштар өлкө боюнча жалпы 100 ишкана курушту. Мындай адамдардын “Кыргызстан” партиясынын курамында бар экендиги мени кубандырат. Ийгиликтүү талапкерлер менен биргеликте мамлекеттин экономикасын көтөрүүгө Кыргызстанда бардык мүмкүнчүлүктөр бар. Себеби ийгиликтүү адамдар гана ийгиликтүү мамлекетти кура алат. Ошондуктан мен жаратмандардын партиясын колдойт сиздерге ишенем”, – деди партия лидери.

Ошондой эле Канатбек Исаев заманбап билимгеээ, өз тармагында ийгиликке жеткен жаш муундун өкүлдөрүн партиянын катарына тартканын баса белгилеп, жаратман жаштар партиянын ишин уланта тургандай болушу керектигин айтты.

Ал эми “Кыргызстан” партиясынын дагы бир талапкери Жыргалбек Саматов партия куру убадалардан алыс болуп, реалдуу ишке аша турган программаны сунуштап жатканына токтолду. Ошондой эле ал шайлоочуларга кайрылып, 4-октябрда мамлекеттин келечеги үчүн татыктуу партияны тандоого чакырды.

[su_image_carousel source=»media: 42253,42244,42247″ crop=»none» autoplay=»4″]“Мен билем, ушул жерге келип отургандар “Кыргызстан” партиясын колдоп келдиңиздер. Сиздер биздин куру убада менен эмес, иш жүзүндө иш кылганыбызды жакшы билесиздер. Сиздердин колдооңуздар менен “Кыргызстан” партиясы 4-октябрда чоң жеңишке жетет деп ишенем. Сиздер менен биргеликте бир топ жакшы иштерди аткарып, сиздерди эч уят кылбайбыз деп өзүмдүн, талапкерлердин жана лидердин атынан баарыңыздарды ишендирип кетем. Биздин партия сөз менен эмес, иш менен далилдеген партия. Ошондуктан биз бул партияны катарына кошулуп, өлкөбүздү өнүктүрүп, элибиздин жашоо турмушун жакшырталы деген максатта шайлоого баратабыз. Кудай буйруп, баарыңыздар 4 күндөн кийин бюллеттендеги №15 тизмени тандап, “Кыргызстан” партиясынын жеңишин 5-октябрда бирге белгилейли”, — деди Саматов.

Буйрутма берүүчү «Кыргызстан» саясий партиясы. Дареги: Бишкек ш. Манас п, 115А. «Кыргызстан» саясий партиясынын шайлоо фондусунун каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Шамшидин уулу Разак тарабынан төлөндү. (№94 күбөлүк, 29.09.2020)

Exit mobile version