Site icon Reporter.kg

Канатбек Исаев: “Биз кыска мөөнөттүн ичинде Кыргызстанды кризистен чыгаруу жолун көрүп турабыз”

Жогорку Кеңештин депутаттыгына аттанган «Кыргызстан» саясий партиясынын лидери Канатбек Исаев, Аргынбек Малабаев, Дамира Дөлөталиева баштаган талапкерлер Чүй облусунун Сокулук районунун Асыл Баш айылынын тургундары менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө айылдын жашоочуларынын негизги көйгөйлөрү жол, ичүүчү таза суу жана сугат суунун жетишсиздиги экенин айтышты. Шайлоочулар ошондой эле аталган аймакта бала бакча маселесин да чечип берүүлөрүн суранышты.

Өз кезегинде Канатбек Исаев партиянын «Эл үчүн» деген программасында экономиканы, билим берүү жана медицина тармагын өнүктүрүү, мамлекеттик башкарууда чечкиндүү реформа, жемиштүү эл аралык саясат, адилеттүү сот жана натыйжалуу укук коргоо органдары ж.б. тармактар боюнча бир катар сунуш-пикирлер камтылганын айтты. Ошондой эле партия лидери “Кыргызстан” партиясы куру убадалардан алыс болуп, алдыдагы 5 жылга амбициялуу, бирок аткарыла турган милдеттерди койгонун белгиледи.

Биз “Кыргызстан” партиясы сөз кылып жаткан иш чараларды ишке ашырууга толук потенциалы жана мүмкүнчүлүгү бар. Кантип кыска мөөнөттүн ичинде экономикалык кризистен чыгуу жолун көрүп турабыз”, — деди Исаев.

Ошондой эле партия лидери “Кыргызстан” партиясынын командасы эл арасынан сурулуп чыккан, духу күчтүү, тажрыйбалуу, жаратман лидерлерден куралганын айтты.
Анын айтымында, партиянын шайлоого бара жатканынын максаты бул өлкө экономикасын өнүктүрүп, элдин жашоо деңгээлин жакшыртуу.
Быйыл, 4-окятбрда өтө турган шайлоонун жыйынтыгы менен мамлекеттин эртеңки тагдыры, багыты кандай болот? Өкмөттү ким башкарат жана курамы кандай болот? Элдин жашоо турмушу оңолобу? Экономика кризистен чыгабы? Мунун баары алдыдагы шайлоонун жыйынтыгы менен аныкталат”, — деди Исаев.

Жолугушуунун соңунда айыл тургундары партиянын программасын жактырып, чын ниеттери менен колдой тургандыгын айтышып, партия лидерине ак калпак кийгизип, астына ат мингизип, баталарын беришти.

[su_image_carousel source=»media: 40640,40641,40642,40643,40644,40645,40646,40647,40648,40649″ crop=»none» autoplay=»4″]

“Кыргызстан” саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Разак Шамшидин уулунун буюртмасы менен “Кыргызстан” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. Нускасы: 1 даана. (каттоо күбөлүгү №94, 06.08.2020-ж) Дареги: Бишкек шаары, Манас 115 а. 13-сентябрь 2020-жыл.

Exit mobile version