Site icon Reporter.kg

Канатбек Исаев: Мамкызматкерлердин санын кыскартып, тажрыйбалуу адистердин эмгек акысын көтөрөбүз -видео

“Кыргызстан” партиясы мамлекеттик кызматкерлердин санын кескин кыскартып, билимдүү жана тажрыйбалуу адистердин эмгек акысын көтөрөт. Бул тууралуу партиянын лидери Канатбек Исаев партиянын платформасын коомчулукка тааныштыруу иш-чарасында айтты.

Партия лидери белгилегендей, ар бир мамлекеттик кызматкер өзүнүн милдеттерин так жана толугу менен аткарганда, өлкөдө да өнүгүү болот.

“Тилекке каршы бүгүнкү күндө компетенттүүлүгү төмөн деңгээлде болгон мамлекеттик кызматкерлердин саны өтө көп. Алар өздөрүнүн натыйжасыз иштери менен кыргызстандыктардын жашоосун жеңилдетпей, тескерисинче тоскоолдуктарды жаратышат. Биз “Кыргызстан” партиясы мамлекеттик кызматкерлердин санын кыскартуу менен бирге билимдүү жана тажрыйбалуу адистердин эмгек акысын көтөрөбүз. Натыжайда, кыргызстандыктар мамлекеттик кызматкерлерден өз милдеттерин так аткарууну талап кылып, баарыбыз өз максаттарыбызга жетебиз”, – деди Исаев.

Канатбек Исаев ошондой эле бүгүнкү күндө бири-бирин кайталаган мамлекеттик мекемелердин саны өтө эле көп экендигине токтолуп, аларды кыскартууга убакыт келгендгине токтолду.

“Бүгүнкү күндө автоматташуунун жыйынтыгы менен 4-5 адам аткарган жумушту бир адам аткарып койгон күн келди. Биз дагы окшош мамлекеттик мекемелердин санын кыскартып, дүйнө багыт алган жолго түшүүбүз керек. Биз мындай жол менен мамлекеттик бюджетти үнөмдөп, кесипкөй адистердин жаралышына шарт түзөбүз”, – деди Исаев.

Канатбек Исаев ошондой эле парламенттик шайлоо алдындагы үгүт иштеринин башталышын “Кыргызстан” партиясынын жеңишке карай кадамы экенин баса белгиледи.

“Урматтуу достор, ушул күндөрү Кыргызстандын бардык жарандары биздин биримдигибизге жана жеңишке ишенгенибизге күбө болушту. Менин оюмча, биздин партиябыздын жактоочулардын саны мурдагыдан дагы өстү”,- деди партия лидери.

“Кыргызстан” партиясынын шайлоого  аттанган максаты — бул кыргыз элинин жыргалчылыгы үчүн талыкпай иштөө менен бирге ата-бабалардын аманатын аткарып, келечек муундардын жашоо деңгээлин жакшыртуу.
[su_image_carousel source=»media: 40013,40011,40008,40014,40015,40016,40017″ crop=»none» autoplay=»4″]

[su_note note_color=»#7c2fcd» text_color=»#ffffff» radius=»0″]“Кыргызстан” саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Разак Шамшидин уулунун буюртмасы менен “Кыргызстан” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. Нускасы: 1 даана. 5-сентябрь, 2020-жыл. (каттоо күбөлүгү №94, 06.08.2020-ж) Дареги: Бишкек шаары, Шабдан Баатыр 4а[/su_note]

Exit mobile version