Site icon Reporter.kg

Канатбек Исаев президенттикке талапкер болуу үчүн БШКга арыз берди

Канатбек Исаев президенттик шайлоого катышуу үчүн Борбордук комиссиясына арыз берди. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматынан кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, бүгүн, 4-ноябрда Президенттик кызматка өзүн өзү талапкерликке көрсөтүү тууралуу Исаев Канатбек Кедейкановичтен БШКга арыз  түшкөн.

Буга чейин президенттик шайлоодо талапкер болуп катышуу үчүн Адахан Мадумаров, Арстанбек Абдылдаев, Кубан Чороев, Назарбек Нышанов, Бектур Асанов жана Бакыт Бакетаев БШКга арыз берген.

Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда өтө турган президенттик шайлоо 10-январга белгиленген. Талапкер болгусу келгендер 14-ноябрга чейин документтерин тапшырышы керек.

Exit mobile version