Site icon Reporter.kg

Канатбек Исаев Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланды

«Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында өтүп жаткан Жогорку Кеӊештин кезексиз жыйында депутаттын 78 добушу менен Канатбек Исаев парламенттин жаңы төрагасы болуп шайланды.

Жаңы төраганы шаайлоо үчүн 119 бюллетень дардалган. Добуш берүү үчүн 80 бюллетень тартылып, урнаны ачканда 80 бюллетень чыккан. Алардын 78и Канат Исаевге добуш беришкен.

Бүгүн жыйында депутаттар президент Сооронбай Жээнбековдун өзгөчө абал тууралуу жарлыгын колдоп беришкен. Андан соң Жогорку Кеңештин төрагасын шайлоо тууралуу маселе күн таритибине киргизилип, Канат Исаевдин талапкерлиги сунушталган.

Exit mobile version