Бакытбек Нарбеков өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Тиешелүү буйрукка премьер-министр Улукбек Марипов кол койду.
Нарбеков 2020-жылы Жогорку Кеңешке шайлоодо Биримдик партиясынан талапкер болгон (тизмеде 112).
- Айбек Бузурманкулов башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан бошотулду.