Борбор калаадагы 37 мектепте жайкы лагерь ачылат. Бул тууралуу мэрия билдирди.
Ал 4 миң 275 баланы камтыйт. Лагерлер 20 күн бою саат 8:00дөн 14:00гө чейин иштейт.
Ал эми окуунун отличниктери жана активисттери, ошондой эле аз камсыз болгон, көп балалуу үй-бүлөлөрдүн балдары июлда Ысык-Көлдүн жээгинде эс алышат.
Ошондой эле шаарда балдардын чыгармачылык борборлору ачылып, каалоочулар ар кандай ийримдерге, секцияларга катыша алышат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз