Site icon Reporter.kg

Кантта 12 жаштагы кыз асынып алды

Кант шаарында 12 жаштагы кыз асынып алды. Бул тууралуу Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

26-августта Ысык-Ата районунун ИИБна Кант шаарындагы кичирайондордун бириндеги үйдөн (балдардын уктоочу бөлмөсүнөн) 2008-жылы туулган П.В. аттуу өспүрүм кыздын жансыз денеси табылгандыгы тууралуу телефон аркылуу билдирүү түшкөн.

Бул факт боюнча Ысык-Ата районунун Ички иштер башкармалыгынын тергөө-ыкчам тобу барган. Окуя Ысык-Ата районунун Ички иштер башкармалыгынын Кылымыштардын жана жооруктардын бирдиктүү реейстрине катталды, соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Алдын ала маалыматтар боюнча, кыз асынып алганы аныкталган. Бардык жагдайлар иликтенип жатат.

Азыркы учурда тергөө жана оперативдик иш-чаралар сотко чейинки өндүрүштө жүргүзүлүп жатат, анын жыйынтыгы боюнча ШИИБ кошумча маалымат берет.

Exit mobile version