Site icon Reporter.kg

Кантта психотроптук заттарды сатууга шектелип эки кыз кармалды

Кант шаарында өзгөчө ири өлчөмдө психотроптук заттарды жеткирүүгө жана сатууга аракеттенген эки кыз кармалды. Бул тууралуу Баңгизатка каршы күрөшүү кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, 24-октябрда Кантта ыкчам-тергөө иш-чаралардын жүрүшүндө «Хонда Фит» унаасында жүргүнчү катары бараткан 22 жаштагы У.А.У. жана 25 жаштагы Э. Н. А. кармалган.

Унааны тинтүүдө жүргүнчүлөрдүн арткы отургучунда шире кутусу табылган. Анын ичинде ак порошок түрүндөгү кристаллдуу эки брикет болгон.

Экспертизанын корутундусуна ылайык, табылып алынган заттар өзгөчө ири өлчөмдөгү «мефедрон» психотроптук зат болуп чыккан.

“Мындан тышкары, шектүүлөрдүн жашаган жерин тинтүү учурунда баңгизатын таразага тартуу жана таңып салуу үчүн каражат алынган. Бул айыпталуучулардын психотроптук заттарды мыйзамсыз сатуу ниетин далилдигин билдирет”, — деп айтылат маалыматта.

Милициянын маалыматы боюнча, аталган баңгизат кармалбаганда, аны саткандар 6,5 млн сом тапмак. Учурда бул кылмыштуу топко тиешеси бар башка адамдарды аныктоо иштери жүргүзүлүүдө.

Exit mobile version