Site icon Reporter.kg

Кантта жоголгон жаш келин дагы эле табыла элек

Кант шаарынын тургуну, 19 жаштагы  Жанарбек кызы Асел дагы табыла элек. Бул тууралуу Reporter.kg’ге  Чүй облустук  ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Ал  15-февраль түнү саат 1:30да үйдөн чыгып кеткен.

Издөө учурунда анын курткасы, бут кийими, телефону Чоң Чүй каналынын жээгинен табылган. Милиция ӨКМ менен бирге каналды издеп чыгышты.

Маалыматка караганда, Жанарбек кызы Асел эки ай мурда турмушка чыккан. Жакындарынын билдирүүсүндө, апасына аудио жөнөтүп, өлүп калса кимди күнөөлө керектигин айткан.

Чүй облустук ички иштер башкармалыгы жаш келин боюнча маалыматтарды төмөнкү номурлар аркылуу кабарлоону өтүнөт:

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Exit mobile version