Site icon Reporter.kg

Канттагы авиабазага Су-25СМ учактары келди

8-ноябрда Орусиянын Канттагы аскер базасына модернизациядан өткөн Су-25СМ учактары менен радиолокациялык станция келип түштү. Бул туурасында «Интерфакс» жазып чыкты.

Андагы маалыматтарга караганда, жакшыртылган радиолокациялык станция менен көчмө индикатордук пост штурм авиациясын багыттоону 2,5 эсе көбөйтүүгө мүмкүндүк берет.

2020-жылы базага Ми-8МТВ5-1 үлгүсүндөгү эки транспорттук тик учак алып келинип, Су-25СМ штурмчу-учактар алмаштырылып жана жакшыртылган.

Exit mobile version