Каныбек Иманалиев президенттикке талапкер болуу үчүн БШКга арыз берди

Каныбек Иманалиев президенттикке талапкер болуу үчүн БШКга арыз берди

Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев президенттик шайлоого катышуу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына арыз тапшырды. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирет.

Мөөнөтүнөн мурда өтчү президенттик шайлоого катышууну ниет кылгандар 14-ноябрь саат 23:59га чейин БШКга арыз бериши керек.

БШКнын 14-ноябрь саат 11:40тагы маалыматына ылайык, БШКга арыз бергендердин саны 40 адамга жеткен.

Белгилей кетсек, президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январына белгиленген. Талапкер болууну каалагандар 15-ноябрга чейин БШКга арыз берип, 7-декабрга чейин бир миллион сомдук күрөөнү жана керектүү документтерди тапшырышы керек.

 

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>