Site icon Reporter.kg

Капсула үй берүүнү убадалап, алдап кеткен. Шектүү кармалды

Бишкекте 30 жаштагы жаран капсула үй берүүнү убада кылып, жаранды чоң каражатка алдаган деген шек менен кармалды. Бул тууралуу Биринчи май райондук милициясы билдирди.

Маалыматка ылайык, 3-март күнү милицияга шаар тургуну арыз менен кайрылган. Ал билдиргендей, А.Д. аттуу жаран андан 40 миң долларлык Mercedes-Benz, 26 миң долларлык Porshe Panamera унааларын жана 1,3 млн сом акчасын алган. Анын ордуна 5 капсула үй бермек. Бир капсула үйдүн курулушуна 15 миң доллар кетип, сатыла турган баасы 22 миң доллар болмок. Бирок аталган жаран убадасын аткарбай, изин жашырып кеткен.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-издөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 30 жаштагы А.Д. Бишкектен кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда анын башка кылмыш фактыларына катыштыгы текшерилүүдө.
Exit mobile version