Каптагаев: Эл пневмониядан өлүп жатат деген жомокту токтоткула

Каптагаев: Эл пневмониядан өлүп жатат деген жомокту токтоткула

Эл пневмониядан өлүп жатат деген жомокту токтотуп, чындыктын көзүнө тике кароо керек. Мындай пикирин саясатчы Эмилбек Каптагаев Фейсбук баракчасына жазды. 

Ал Тажик бийлиги биздегидей калп маалымат таратып аягы оор кырдаалга алып келди, биз алардын катасын кайталабайлы деген пикирин жазган.

«Бизде коронавирус жок, эл пневмониядан эле өлүп жатат» — деген жомокту биринчи тажик коңшулар чыгарышты эле, анан өлгөн кишилердин мүрзөсүн полиэтилен пленка менен жаап, «жаандан коргоп» деген экинчи жомокту айтып… Аягы эмне болду???

Коронавирус баланча, пневмония түкүнчө деген жомокту биз да токтотушубуз зарыл. Жок дегенде өзүбүздү өзүбүз алдабайлы… сооротпойлу. Барынын оорусу бирдей, белгиси бирдей, дарылоосу бирдей… Тесттер иштебей калды, анын үстүнө азыр тест тапшырган деле киши жок… Пневмония дегендер эле ооруканада 2 миңден ашып кетти, үйдө онтоп жаткандар канча экенин эч ким деле санаган жок…

Жөн эле пневмония дегенден улам вирустун кескин таркашына шарт түзүп жатабыз… Эл маиттерди беймарал эле жууп, беймарал кепиндеп коюп жатышат… Эки айдан кийин суук түшөт, калкыбыз түгөл өпкөсүнөн кагынып жатып калуусу да ажеп эмес…

Чындыкка тике карагандан өтөөрү жок», — деп жазган Каптагаев.

[su_image_carousel source=»media: 33852″ crop=»none» autoplay=»4″]

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>