Каптагаев коронавирус тууралуу: тойлорду азайтып, эркек-аял дебей өбүшкөндү токтотуу керек

Каптагаев коронавирус тууралуу: тойлорду азайтып, эркек-аял дебей өбүшкөндү токтотуу керек

Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институтунун директору Эмилбек Каптагаев коронавирустун алдын алуу тууралуу өз ойлорун «Фейсбуктагы» баракчасына жазды.

Ал коронавирустун алдын алуу үчүн  адегенде тазалыкка көңүл буруп, эл көп чогулган оюн-зоокторго чектөө киргизүү сунушун айткан.

Эмилбек Каптагаевдин жазганын өзгөртүүсүз беребиз.

Коронавирус деген балакет тууралуу…

Кытайды жабыш керек, бул жерде жүргөн кытай жарандарын чыгарыш керек… деп элди демитип, жүрөктүн үшүн алып, козута берүүдөн эч кандай пайда болбойт… Тетирисинче зыянга эле учурайбыз…элди дүрбөтүп, паникага сала берсек. Бүгүн бул оорунун очогу коңшу Иранда, андан ары Италияда, бул жагы Түштүк Кореяда да бар болуп калды… Дүйнөдө 37 мамлекетте катталып, баардыгы 80 миңге жакын оорукчан киши бар экен… Чек араны толук жаап, эчкимди киргизбей да, чыгарбай да отура албайбыз… Мүмкүн эмес…

Ошондуктан, болгон күчтү азыр санитардык агартуу иштерине, анын ичинде жеке тазалыкка, коомдогу жүрүм-турумга үйрөтүү иштерине жумшоо абзел деп ойлойм… Опур-топур тойлорду, көп киши чогулган жыйындарды, оюн-зоокторду чектөө, учурашканда кучакташып, эркек-аял дебей өбүшкөндү да токтотуу зарылчылыгы бар…

Эң башкысы акыл-эсти жоготпой, дайыны жок дүрбөп, удургубай…ар ким өзүнө, өз үйбүлөсүнө сак болуп, токтоолук менен аракет кылуубуз туура.

Ал эми мамлекеттик органдар болсо шалаакылыкка жол бербей, тагылган милдеттерге жоопкерчиликтүү мамиле жасоого милдеттүү…

Калганы Жараткандын колунда…

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>