Каптагаев: коронавирустун жайылышын жана кесепетин иликтеген улуттук комиссия түзүү керек

Каптагаев: коронавирустун жайылышын жана кесепетин иликтеген улуттук комиссия түзүү керек

Саясатчы Эмилбек Каптагаев Кыргызстанда коронавирустун жайылышын жана анын кесепеттерин иликтөө боюнча улуттук комиссия түзүүнү сунуштады. Ал демилгесин «Фейсбуктагы» жеке баракчасына жазып, өткөндөн туура тыянак чыгаруу жана сабак алуу зарыл экенин белгилеген.

Мунун маанисин ал пандемиянын кайталануу ыктымалдыгы менен негиздейт.

Каптагаев комиссия вирустун жайылышын, кесепеттерин кылдат иликтеши жана анда бийлик органдарынын, жооптуу кызматкерлердин, жергиликтүү бийликтин жана медициналык мекемелердин аракеттери жана аракетсиздиги көңүлдүн борборунда болушу керек экенин белгиледи.

Анын пикиринде улуттук комиссиянын ишине бардык тараптарды, айрыкча жарандык коом өкүлдөрүн, көз каранды эмес эксперттерди тартыш керек.

Белгилей кетсек, бүгүн 30-июль — Кыргызстанда Улуттук аз күтүү күнү.

Бүгүнкү күнгө чейин Кыргызстанда коронавирус инфекциясынан жалпы 1 миң 347 бейтап каза болду.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>