Каптагаев: “Кыргызстан” партиясы БШКга 18:00дөн кийин кирди деген чындыкка коошпой турат

Каптагаев: “Кыргызстан” партиясы БШКга 18:00дөн кийин кирди деген чындыкка коошпой турат

Эгерде шайлоого аттанган саясий партиялар документтерди тапшыруу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясынын каалгасынан 18:00гө чейин кирүүгө үлгүрсө БШК документтерди кабыл алууга милдеттүү. Бул тууралуу Стратегиялык изилдөөлөр боюнча улуттук институттун директору Эмилбек Каптагаев “Фейсбук” баракчасына жазды.

Каптагаев бул окуяны шайлоодо добуш берүү саат 20:00дө аяктарын, бирок добуш берүү үчүн каалгадан кирген шайлоочуларга, саат кечки сегизден өтүп кетсе деле уруксат берилген көрүнүш менен салыштырган.

«Кечинде бул жерде жазып жатышпады беле саат 18:00дө Боршайкомдо башкы каалга жабылып, эч кимди киргизбей калды, бирок Социал-демократтар партиясы 18:01де келип, документтерин терезеден берип жиберишти — деп. Анан Улукбек Кочкоров келди, аны киргизбей коюшту деп, фото-сүрөттөр да бар болчу. Анан кантип «Кыргызстан» партиясы 18:01де кирип кетти? Коошпой турат ушул жер… Менимче, бир топ партиялар, анын ичинде «Кыргызстан» дагы саат 18.00 болгончо (балким 2-3 мүнөт калганда) башкы каалгадан киришкен. Бирок, ичиндеги Коопсуздук кызматы турган тосмодон саат 18:00дө же бир мүнөт өткөндө ары карай киришкен. Катталып, киргенче убакыт өтөт. Териштирүүдө, талдоодо ушул жагдайды да эске алуу зарыл го дейм. Шайлоо учурунда деле ошондой да, саат 20:00дө каалга жабылат, ага чейин шайлоо участкасынын ичине киргендерге добуш берүүгө мүмкүнчүлүк берилет, ошондо мыйзам боюнча добуш берүү 20:00дө бүтөт дегенине карабастан добуш берүү адатта кечки сегизден он-он беш мүнөт өткөнчө болот. Бул жерде деле ошол принцип иштеши мүмкүн. Ким саат 18.00гө чейин каалгадан кирүүгө үлгүрсө Боршайком документтерди кабыл алууга милдеттүү дегендей», – деп жазган Каптагаев.

Белгилей кетек, 24-мартта “Кыргызстан” партиясы парламенттик шайлоого катышуу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына документтерди кечигип бергендиги тууралуу маалымат тараган.

Партиянын лидери Канатбек Исаев бүгүн, 25-августта маалымат жыйын өткөрүп, бардык документтер өз убагында берилгенин айтты.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>