Site icon Reporter.kg

Каптагаев: Орусия Кыргызстанда армияга чакыруу пунктун ачуусу керек

Коомдук жана мамлекеттик ишмер, саясатчы Эмилбек Каптагаев Россиянын бийлиги Кыргызстанда өз жарандары үчүн аскердик кызматка чакыруу борборун ачуусу керек деп эсептейт. Бул тууралуу сунушун ал Фейсбуктагы баракчасы аркылуу билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанда Украинадагы согушту колдогондор арбын.

“Чындыгында Россия Федерациясынын бийлиги бул жерде Кыргызстанда аскерге чакыруу борборун ачып, “Мекендештер” программасы боюнча Россиянын жарандыгын алган Кыргызстандын тургундарын аскерге чакыра башташы керек. Алардын саны көп. Алар бул жерде Украинадагы согушту кызуу колдошот, андыктан Орусияга болгон сүйүүсүн иш жүзүндө далилдешсин. Бул Орусияда аргасыздан жарандык алган байкуш мигранттарыбызды мажбурлаганга караганда, алда канча адилеттүү. Алар Украинадагы согушка катышууга милдеттүү эмес, алардын мекени Кыргызстан”, — деп жазган Каптагаев.

Буга чейин Орусияда президент Владимир Путиндин Украинадагы согушка мобилизациялоо жөнүндөгү жарлыгы күчүндө турганын РИА Новости Дмитрий Песковго шилтеме берүү менен билдирген.

«Куралдуу күчтөрдүн алдына коюлган милдеттерди аткаруу зарылдыгынан улам жарым-жартылай мобилизацияга тартуу иштери тиешелүү санга жеткичекти жасала берет”, — деп билдирген Песков.

Белгилей кетсек, Орусияда жарым-жартылай мобилизация өткөн жылы 21-сентябрдан 31-октябрга чейин болгон. Анда 318 миң адам аскерге чакырылганы айтылган. Коргоо министри Сергей Шойгу 300 миң адамды аскерге чакыруу тапшырмасы аткарылгандыктан мобилизация аяктаганын билдирген. Бирок бул боюнча президенттин жарлыгы чыккан эмес.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Exit mobile version