Site icon Reporter.kg

Каптагаев: Шайлоо жылсын дегендер конституциялык эмес жол менен бийлик алмашуусуна шарт түзүүдө

Парламенттик шайлоо жылдырылсын дегендер президенти мыйзам бузууга түртүп жатат. Мындай пикирин саясатчы Эмилбек Каптагаев Фейсбук баракчасына жазды.

«Билип же билбей парламенттик шайлоону жылдыруу керектигин айтып жаткандар президентти конституциялык чектен, укук таласынан чыгууга жана легитимдүүлүктү жоготууга түртүп жатышат. Муну менен кезектеги конституциялык эмес жол менен бийлик алмаштырууга шарт түзүлүүдө», — деп жазган саясатчы.

Соңку учурда күздө өтө турган Жогорку Кеңештин шайлоосунун тегерегинде ар кандай талкуулар орун алып келет. Айрымдар пандемия шартында шайлоонун кереги жок, ыксыз каражат коротуу дешсе, айрымдар шайлоону жылдырууга мыйзам жол бербестигин айтышууда.

[su_image_carousel source=»media: 35445″ crop=»none» autoplay=»4″]

Exit mobile version