Site icon Reporter.kg

Кар көчкү түшөт, сак болгула! ӨКМ шашылыш билдирүү таратты

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 1- апрелден 3-аперлге чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу райондордо кар көчкү түшүшү мүмкүн экенин эскертет.

Мекеменин маалыматына караганда, Бишкек-Ош автоунаа жолундагы Ала-Бел ашуусунда, Чычкан капчыгайында, Ала-Бука – Каныш-Кыя автоунаа жолунун Чапчыма ашуусунда, Красная-Горка – Ак-Таш автоунаа жолунун 1-4 чакырымдарында, Казарман – Актал-Чат автоунаа жолунун Ийри-Суу тилкесинде, Кара-Гөө ашуусунда кар көчкү түшүү коркунучу бар. Ушундай эле коркунуч Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайкуу, Каракол – Эңилчек автоунаа жолунда, Чоң-Ашуу ашуусунда бар экени айтылат.

Мындан сырткары, ӨКМ жолдор тайгак болорун билдирип, айдоочулар унаалар ортосундагы 500 метр аралыкты сактоого чакырууда.

Exit mobile version