Site icon Reporter.kg

Кар менен кошо ээрип кеткен Ош-Араван жолу карызга жасалган

Ош-Араван жолуна төшөлгөн асфальт кар менен кошо ээрип кеткени тууралуу видеону буга чейин журналист Ыдырыс Исаков соцтармактагы баракчасына жарыяланган.

Ош-Араван жолу былтыр күз айралында курулган.

«Бул жолдун курулушу бүткөнүнө үч ай өттү. Үч айда талкаланып жоголду. Кыштагы кар менен кошо эрип жок болду. Курулуштардын сапатын текшерем деген Экотехинспеция каякты карап жатат? Элге кызмат кылам деген айыл өкмөт, аким, губернаторлор эмне кылып жатат экен, жолго акчаны кетирдик, бирок жемишин алган жокпуз», – деген журналист Исаков.

Reporter.kg алгач аталган жол ким тарабынан жасалган, жолдун сапатына кимдин жоопкерчилиги каралганы тууралуу суроо менен Араван районунун акими Курбанбек Айтибаевге кайрылдык.

Айтибаев Ош-Араван жолу былтыр 3-октябрда биринчи катмары жасалып бүткөнүн билдирди.

«Мамлекеттик бюджеттен акча бөлүнгөн эмес. Депутат Азамат Арапбаевдин цемент заводунан карызга 27 тонна солярка, дагы бир заводдон 62 тонна мазут алынып жасалган. Ал эми шагыл Керме-Тоо айыл өкмөтүнөн алынып жол оңдолгон. Эч кандай тендер өткөрүлгөн эмес. Жардам катары эле жасалган. Биз райондук депутаттардан жолду оңдотууну суранганыбызда алар демөөрчү таап жасаткан. Транспорт жана жол министрлиги чыгымды төлөп беребиз деп айтышкан, бирок төлөнө элек. Жасаткандар Транспорт министрлиги менен кандай келишим түзгөнүн билбейбиз. Биз комиссияда дагы жокпуз.

Экинчи катмары эми мамлекеттин каражатынан март же апрель айларынан башталып жасала баштайт», – деди Аравандын акими.

Бул маселе тууралуу Транспорт жана жол министрлигине кайрылганбызда “Ош-Сарыташ-Эркештам”автожолдор башкармалыгы интернетте көрсөтүлгөн Ош-Араван-Чекабад автожолу жөнүндө төмөнкүлөрдү билдирди.

«Көрсөтүүдө айтылган жолдун бөлүгү Ош-Араван-Чекабад автожолунун 16-17,2 чакырымы болуп эсептелет. №44-жол тейлөө мекемесинин карамагында турат.

2019-жылдын IV-кварталында октябрь-ноябрь айларында жолдун эскилиги жеткен асфальт жана жер катмарлары алынып, жол түздѳѳ иштери жүргүзүлгѳн. Кыш мезгили башталгандыгына байланыштуу иштер токтотулган. Ал эми 2020-жылдын титулдук планындагы иштердин кѳбү  COVID-19 пандемиясына байланыштуу пландан алынган.

Жергиликтүү тургундар чарба жүктөрүн ташууга, элдердин жүрүүсүнѳ жол кыймылынын үзгүлтүксүз камсыздоо үчүн Ош облустук башкармалыгына келген  кайрылууларды эске алып, 2020-жылы №44-ЖТМ тарабынан жолдун астыңкы катмарына ири дандуу (крупнозернистый) асфальт төшөлгөн. Керектелген жол курулуш материалдары карызга алынган.

Аба-ырайынын жаан-чачындуу болгондугу жана жолдун ушул бѳлүгүндѳ оор жүк ташуучу транспорт каражаттары көп каттагандыгына байланыштуу азыркы учурда жолдо бузуулар пайда болгон», — деп жооп беришти.

Ошондой эле аталган башкармалык 2021-жылы бюджеттин тартыштыгына байланыштуу аталган жолдун ремонтун аягына чыгаруу үчүн каражат булактары каралып жатканын кошумчалады.

Exit mobile version