Кар менен кошо эрип кеткен Ош-Араван жолу демөөрчүлөр тарабынан жасалганбы?

Кар менен кошо эрип кеткен Ош-Араван жолу демөөрчүлөр тарабынан жасалганбы?

Ош-Араван жолуна төшөлгөн асфальт кар менен кошо ээрип кеткени тууралуу видеону буга чейин журналист Ыдырыс Исаков соцтармактагы баракчасына жарыяланган.

Ош-Араван жолу былтыр күз айралында курулган.

«Бул жолдун курулушу бүткөнүнө үч ай өттү.  Үч айда талкаланып жоголду. Кыштагы кар менен кошо эрип жок болду. Курулуштардын сапатын текшерем деген Экотехинспеция каякты карап жатат? Элге кызмат кылам деген айыл өкмөт, аким, губернаторлор эмне кылып жатат экен, жолго акчаны кетирдик, бирок жемишин алган жокпуз», – деген журналист Исаков.

Reporter.kg аталган жол ким тарабынан жасалган, жолдун сапатына кимдин жоопкерчилиги каралганы тууралуу суроо менен Араван районунун акими Курбанбек Айтибаевге кайрылдык.

Айтибаев Ош-Араван жолу былтыр 3-октябрда биринчи катмары жасалып бүткөнүн билдирди.

«Мамлекеттик бюджеттен акча бөлүнгөн эмес. Депутат Азамат Арапбаевдин цемент заводунан карызга 27 тонна солярка, дагы бир заводдон 62 тонна мазут алынып жасалган. Ал эми шагыл Керме-Тоо айыл өкмөтүнөн алынып жол оңдолгон. Эч кандай тендер өткөрүлгөн эмес. Жардам катары эле жасалган. Биз райондук депутаттардан жолду оңдотууну суранганыбызда алар демөөрчү таап жасаткан. Транспорт жана жол министрлиги чыгымды төлөп беребиз деп айтышкан, бирок төлөнө элек. Жасаткандар Транспорт министрлиги менен кандай келишим түзгөнүн билбейбиз. Биз комиссияда дагы жокпуз.

Экинчи катмары эми мамлекеттин каражатынан март же апрель айларынан башталып жасала баштайт», — деди Аравандын акими.

Бул маселе тууралуу Reporter.kg Транспорт жана жол министрлигине кайрылганда алар жазуу түрүндө жооп берүүнү айтты. Редакция тиешелүү жоопту алары менен сайтка жарыялайт

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>