Кыргызгидромет кызматы Кыргызстандын аймагында 19-февралга чейин күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.
Чүй облусу
14-15-февралдарда жана 16-февралда түнкүсүн тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
16-февралда күндүз жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал.
17-февралда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда кар жаашы күтүлөт. 17-февралда күндүз айрым жерлерде жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн.
18-февралда түнкүсүн айрым жерлерде кар жаашы күтүлөт. Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. 19-февралда көпчүлүк аймактарда түнкүсүн кар, күндүз жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.
Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши ыктымал.
Бишкек шаары
14-15-февралдарда жаан-чачын күтүлбөйт. 16-февралда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз жаан, кар жаашы күтүлөт.
17-февралда түнкүсүн кар жаашы ыктымал. Күндүз ала булут каптап турат, жаан, кар жаашы мүмкүн.
18-февралда түнкүсүн кар жаашы мүмкүн. Күндүз жаан, кар жаашы күтүлөт. 19-февралда түнкүсүн кар, күндүз жаан, кар жаашы ыктымал.
Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.
Талас облусу
14-15-февралдарда жаан-чачын күтүлбөйт. 16-февралда түнкүсүн тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
16-февралда күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал.
17-февралда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда кар жаашы мүмкүн. 17-февралда күндүз айрым жерлерде жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.
18-февралда түнкүсүн айрым жерлерде кар жаашы ыктымал. Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 19-февралда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда кар жаашы мүмкүн. Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт .
Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши мүмкүн.
Ош облусу
14-февралда түнкүсүн тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт. 14-февралда күндүз жана 15-февралда түнкүсүн тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
15-февралда күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.
16-февралда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда кар жаашы мүмкүн. 16-февралда күндүз жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.
17-февралда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда кар, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы ыктымал. 17-февралда күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.
18-февралда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда кар жаашы мүмкүн. Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 19-февралда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда кар жаашы күтүлөт. Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт .
Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.
Жалал-Абад облусу
14-февралда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда кар жаашы ыктымал. Күндүз айрым жерлерде жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 15-февралда түнкүсүн айрым жерлерде кар жаашы мүмкүн. Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.
16-февралда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда кар жаашы күтүлөт. 16-февралда күндүз жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.
17-февралда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда кар, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы ыктымал. 17-февралда күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.
18-февралда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда кар жаашы күтүлөт. Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 19-февралда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда кар жаашы күтүлөт. Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт .
Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши мүмкүн.
Баткен облусу
14-февралда жана 15-февралда түнкүсүн тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. 15-февралда күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал.
16-февралда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда кар жаашы мүмкүн.16-февралда күндүз жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы ыктымал.
17-февралда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда кар жаашы күтүлөт, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. 17-февралда күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.
18-февралда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда кар жаашы ыктымал. Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.
19-февралда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда кар жаашы ыктымал. Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн.
Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.
Ысык-Көл облусу
14-15-февралдарда тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
16-февралда түнкүсүн айрым жерлерде кар жаашы күтүлөт. 16-февралда күндүз жана 17-февралда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда кар жаашы мүмкүн.
17-февралда күндүз жана 18-19-февралдарда айрым жерлерде кар жаашы күтүлөт.
Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.
Нарын облусу
14-февралда жана 15-февралда түнкүсүн айрым жерлерде кар жаашы ыктымал. 15-февралда күндүз 16-18-февралдарда жана 19-февралда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда кар жаашы күтүлөт.
19-февралда күндүз айрым жерлерде кар жаашы ыктымал.
Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.
20-21-февралга карата өлкө аймагындагы болжолдуу аба ырайы
20-февралда түнкүсүн айрым жерлерде кар жаашы күтүлөт. Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.
21-февралда түнкүсүн Ош, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.
Абанын температурасы өзгөрүлүп турат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз