Кара-Балта Рыспай Абдыкадыровдун ырлары жаңырды

Кара-Балта Рыспай Абдыкадыровдун ырлары жаңырды

Маданияттын мыкты кызматкери, ырчы, обончу, акын, Рыспай Абдыкадыров атындагы төш белгинин ээси Шамил Конурбаев Кара-Балта шаарында «Музыка менин жашоом” аталышындагы отчёттук концертин өткөрдү.

Ырчы аталган концертти өзүнүн 65 жылдык мааракесине жана чыгармачылыкта жүргөнүнө 45 жыл болгонуна карата өткөргөн.

Концертке зал толо көрүүчүлөр келип, «Солто» коомунун төрагасы Эркин Тентишов, Жайыл районунун акиминин орун басары Максат Тилекматов жана “Жайыл-Ата” коомунун төрагасы Русланбек Асаналиев баш болгон бир топ мүчөлөрү өздөрүнүн куттуктоо сөздөрүн айтышып, «Сахна жылдызы» сыйлыгын тапшырып өтүштү.

44 саатка срзулган концертте Рыспай Абдыкадыровдунырлары жаңырып, Шамил Конурбаевдин таланттуу уул-кыздары, Жайыл-Ата райондук маданият уйунун кызматкерлери, бийчилер, акындар активдуу катышышты.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>