Site icon Reporter.kg

Кара-Балтада бала бакча мамлекеттин карамагына өттү

Жалпы баасы 34,5 млн сомду түзгөн бала бакчанын жана дарыкананын имараты Кара-Балта мэриясынын балансына өткөрүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка караганда, Жайыл районунун прокуратурасы тарабынан Кара-Балта шаардык мэриясына караштуу муниципалдык менчик бөлүмүндѳ текшерүү жүргүзүлдү.

Соттун чечимдерине ылайык (прокуратура жана ММБнүн доо арыздары боюнча) муниципалитеттин карамагына Кара-Балта шаарынын аймагында жайгашкан 488 м2 жер тилкеси менен даарыкана имараты (жалпы пайдалуу аянты 1039,8 м2) жана жер тилкесинин аянты 8115,9 м2 түзгѳн бала бакчанын имараты (жалпы аянты 8081,8 м2 жана 3802,6 м2 түзгѳн жер тилкелери) кайтарылып берилүүсү белгиленген.

Бирок, текшерүүдѳ жогорудагы мүлктөрдүн бири да муниципалдык менчикке кабыл алынбагандыгы аныкталган.

Көз карандысыз баалоочулардын маалыматына боюнча жер тилкелеринин жана имарат-курулуштардын жалпы баасы 34 млн 591 миң 992 сомду түзгөндүгү такталган.

Жыйынтыгында, Жайыл райондук прокуратурасы тарабынан ченемдик укуктук актыны бузууларды четтетүү жөнүндө Кара-Балта шаардык мэриясына талап келтирилип, кароонун жыйынтыгы менен жогоруда көрсөтүлгөн мүлктөрдүн баары шаардык мэриянын балансына толук ѳткѳрүлгѳн.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version