Site icon Reporter.kg

Кара-Балтада курулуш дүкөнүнөн чыккан өрт өчтү

Курулуш материалдарын саткан дүкөндөн чыккан өрт саат 16:25те толук өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди.

Маалыматка караганда, бүгүн, 25-август күнү Чүй облусуна караштуу Жайыл районундагы Кара-Балта шаарынын Центральная көчөсүндө жайгашкан курулуш материалдарын саткан дүкөндөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Өрттү өчүрүүгө саат 09:14төн тарта жалпы 3 бөлүм тартылып, өрт саат 10:40та чектөөгө алынган. Ал эми тилсиз жоо толук түрдө саат 16:25те өчүрүлгөн.

Маалыматка ылайык, дүкөндөгү бардык курулуш товарлары жана «Mercedes » үлгүсүндөгү унаа күйүп кеткен.

Өрттүн жалпы аянты 3000 ч.м. түзөт. Жабыркагандар болгон жок.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Exit mobile version