Чүй облусунун Кара-Балта шаарында жалпы аянты 5 миңден ашык чарчы метрди түзгөн бала бакча мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматка ылайык, бала бакча 1997-жылы жеке менчикке мыйзамсыз чыгарылган. Кийин 2001-жылы бала бакчаны мыйзамдаштыруу жүрүп, ошол кездеги мамлекеттик органдардын чечимине ылайык, бала бакчанын имаратынын жана аймагынын базасында сүт иштетүүчү жана нан бышыруучу цехтер түзүлгөн.
Кийинчерээк кайрадан мыйзам бузуулар менен ал жерге окуучуларды коммерциялык максатта айдоочулукка үйрөткөн авто мектеп ачылган.
«Жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгында, 4-июль күнү социалдык объект бала бакча катары пайдалануу үчүн мамлекеттик баланска кайтарылды»,- деп билдирди атайын кызмат.