Кара-Бууранын имамы Майрамбек ажы Казакпаев көз жумду

Кара-Бууранын имамы Майрамбек ажы Казакпаев көз жумду

Талас облусунун Кара-Буура районунун баш имам хатиби Майрамбек ажы Казакбаев 70 жаш курагында дүйнө салды. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан кабарлашты. 

«Майрамбек ажы Казакбаевдин бул ааламдан өткөндүгүнө байланыштуу Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын жалпы эмгек жамааты жана Талас облусунун мусулмандар казысы Таалайбек ажы Бапиев, казыяттын эмгек жамааты Майрамбек ажынын үй-бүлөсүнө, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат», — деп айтылат маалыматта.

Майрамбек ажы Казакбаев 1950-жылы 1-май айында Кара-Буура районуна караштуу Үч-Булак айылында туулган . Жаштайынан диний билимге ээ болуп, имамдар үчүн өткөрүлгөн окуу семинарларына үзбөй катышып, эмгек жолу кичи мекенинде имамдык кызматтан башталган. 1998-жылы Кыргызстандын мурдагы Муфтийи, маркум Мураталы ажы Жумановдун убагында Кара-Буура районунун баш имам хатиби болуп дайындалып, ушул убака чейин үзүрлүү эмгектенип келген. Эмгек жолунда 20 дан ашуун айылга мечит салдырып, жаштардын адеп-ахлактуу тарбия алышына, элдин диний сабаттуулугун жоюуда талыкпай эмгектенип, элдин социалдык маселесин чечүүдө өз салымын кошкон.

Бул эмгеги үчүн 2009-жылы  Президенттин «Ардак грамотасы» менен жана ошол эле жылы Азирети Муфтийдин «Ардак грамотасы» менен сыйланган. Мындан тышкары жергиликтүү бийликтин бир катар сыйлыктарын алган. Үй-бүлөдө 7 баланы тарбиялап, айылдын кадырлуу ак сакалдарынын бири болгон.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>