Site icon Reporter.kg

Кара-Көлдө бензовоздун айдоочусун өлтүргөн делип 37 жаштагы аял кармалды

Кара-Көл шаарында күйүүчү май ташыган автоунаанын айдоочусунун өлүмүнө шектелип 37 жаштагы аял кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, 10-октябрь күнү саат 19:20 чамасында Кара-Көл шаардык милициясына Токтогул ГЭСине өтүүчү көпүрөгө жетпей бензин ташыган автоунаанын ичинде бир адамдын жансыз денеси жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Окуя болгон  жерге барган ыкчам тергөө тобу жансыз денеге сырттан кароо жүргүзүүп, маркумга бычак сымал курч буюм менен өлтүрүлгөндүгүн аныкталган. Айдоочу 35 жаштагы Чүй облусунун тургуну болгон.

Бул факты Жазык кодексиндеги 130-берене (“Киши  өлтүрүү”) менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. 

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында, кылмыштын изи сууй электе шектүү катары Кара-Көл шаарынын тургуну 1983-жылы туулган  М.А. аттуу аял киши кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. 

 

Exit mobile version