Кара-Көл шаарындагы Кара-Суу дарыясына түшүп кеткен эркек адам изделүүдө.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиргендей, анын сууга түшүп кеткендиги тууралуу 14-июнь күнү кабар түшкөн.
Издөө иштерине ӨКМнын куткаруучулары менен ИИМдин кызматкерлери тартылган. Учурда суууга аккан адамдын өздүгү тактала элек.