Кара-Көлдө милиция окуучуну жыныстык катнашка мажбурлап, андан акча талап кылган

Кара-Көлдө милиция окуучуну жыныстык катнашка мажбурлап, андан акча талап кылган

Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында милициянын өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкери 9-калсстын окуучусун зордуктоого аракет кылган. Бул тууралуу Reporter.kg‘ге өздүк булактар кабарлады.

Маалыматка караганда, инспектор окуучу кызды коменданттык сааттын талабын бузду деп кармаган. Эскерте кетсек, Кара-Көл шаарында өзгөчө абал киргизилген эмес.

“Ал көчөдөн кызды кармап алып, коркуткан. Андан соң аны менен жыныстык катнашка баруу үчүн мейманканага алып келген. Кыз ыйлап жиберген соң инспектор аны кое берген. Кийинки күнү ал кызга байланышып, андан 30 миң сом талап кылган. Кыз 5 миң сом берүүгө макул болгон. 3-апрель күнү инспектор пара алып жаткан жеринен кармалган. Шектүүгө карата пара талап кылуу беренеси менен кылмыш иш козголуп, эки айга камалган.  Бирок анын жашы жете элек кызды зордуктоого аракет кылганы боюнча иш козголгон эмес”, — деди өздүк булак.

Ички иштер министрлиги инспектордун кармалганын ырастады, бирок кармоо операциясы Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызмат (Финпол) тарабынан жүргүзүлгөнүн айтып,  толук маалымат берүүдөн баш тартты.

Финполдон бул боюнча  маалымат алууга мүмкүн болгон жок.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>