Кара-Көлдө жоокер кокусунан ефрейторду атып алды

Кара-Көлдө жоокер кокусунан ефрейторду атып алды

Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында жоокер кокусунан ефрейторду атып алды. Бул тууралуу Ички коопсуздук аскер кызматынан билдиришти.

Бүгүн, 13-апрелде эртең мененки саат 07:58де Кара-Көл шаарында жайгашкан 718 аскер бөлүгүнүн Каскад Токтогул ГЭСтерин кайтаруу боюнча кароолунун курамында турган катардагы жоокер Б.К. куралын оксуздандыруу учурунда кокусунан атып жиберген.

“Натыйжада кароолдун башчысынын жардамчысы, ефрейтор Н.И. оң колунан жаракат алган. Учурда анын абалы туруктуу, ден соолугуна олуттуу коркунуч келтирилген эмес жана Кара-Көл шаардык аймактык бейтапканасында дарыланууда”, — деп айтылат маалыматта.

Аталган факты боюнча Жалал-Абад гарнизонунун Аскер прокуратурасы тарабынан зарыл болгон сотко чейинки териштирүү иштери жүргүзүлүөт.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>