Кара-Кече көмүр кенинде тоо көчтү, — видео

Кара-Кече көмүр кенинде тоо көчтү, — видео

Кара-Кече көмүр кенинде тоо көчтү. Бул тууралу жергиликтүү бийлик өкүлдөрү кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жер көчкү 14-сентябрь күнү, саат 12:00дөр чамасында түшкөн. Тоо кулап, Жумгал — Кара-Кече автожолунун бир чакырымдан ашуун жери бөгөлүп калган. Көчкөн тоонун көлөмү болжол менен миллион куб метрден ашуун.

Баштапкы маалыматтар боюнча көчкүдөн жапа чеккендер жок. Ушул тапта Жол оңдоо башкармалыгынын (ДЭУ) жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) атайын техника каражаттары жана адистери кырсыктын алдын алуу иштерин жүргүзүшүүдө.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>