Кара-Кече көмүр кениндеги жолдо жүк ташуучу унаа кулап, бир киши каза болду — видео

Кара-Кече көмүр кениндеги жолдо жүк ташуучу унаа кулап, бир киши каза болду — видео

Бүгүн, 10-ноябрда Нарын облусунун Жумгал районундагы Кара-Кече көмүр кениндеги жаңы жолдо жүк ташуучу унаа кулап, бир киши каза болду. Бул тууралуу күбө reporter.kg’ге жиберди.

Унаада маркумдун жанында дагы бир киши болгон. Ал унаадан секирип кетүүгө үлгүргөн. Унаанын чиркегичинде көмүр жүктөлүп келе жаткан.

Күбөнүн маалыматы боюнча, Кара-Кечеге бара турчу убактылуу жол курулган. Кырсык дал ошол жерде болгон. Ал жол үстүртөн гана жасалып, оор жүк ташуучу унаа менен өтүү үчүн стандартка жооп бербейт.

Белгилей кетсек, ушул жылдын 17-августунда Кара-Кече көмүр кенине барган жолго таш жана электр устундары кулап, тосулуп калган.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>