Site icon Reporter.kg

Кара-Кечеде көмүр казуу убактылуу токтотулду

Кара-Кече кенинде тазалоо иштери жүрүп жатканына байланыштуу 15-декабрдан 20-декабрга чейин көмүр казуу токтотулду. Бул туурасында «Кыргыз көмүр» мамлекеттик ишканасы билдирди.

Маалыматка караганда, бир гана Бишкек жылуулук электр борборуна көмүр үзгүлтүксүз тартылат.

Буга чейин Кара-Кечеде жеке ишкерлер кендин токтоп турушуна нааразылыгын билдирип чыккан. Ошол эле маалда Бишкек шаарынын тургундары үчүн бийлик 3 миң сомдук көмүрлөрдү да ташып жаткан болчу.

Exit mobile version