Site icon Reporter.kg

Кара-Кечеден 3,5 айда жарым миллион тонна көмүр казылды

Үстүбүздөгү жылдын сентябрь айынан декабрдын ортосуна чейин Кара-Кече көмүр кенинен «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасы тарабынан 508 миң тонна көмүр казылган. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Министрликтин маалыматына ылайык, быйылкы жылы кенден 740 миң тонна көмүр казылган. Бул былтыркыдан 243 миң тоннага көп. 2020-жылы 497 миң тонна катуу отун өндүрүлгөн.

Кенден чыккан көмүр Бишкек ЖЭБине, мамлекеттик мекемелерге жана элге сатуу үчүн берилет.

«Жеринде күнүнө 30 техника иштейт. Көмүр күнүнө 200гө жакын унаа менен ташылат», — деп билдирди энергетика министри Доскул Бекмурзаев.

Exit mobile version