Site icon Reporter.kg

Кара-Кечеден көмүр сатуу убактылуу токтотулду

уголь

«Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасы Нарын облусундагы Кара-Кече кенинен алынган көмүрдү сатууну убактылуу токтотконун билдирди.

Бул карьердеги тазалоо иштерине жана жаңы көмүр катмарын чалгындоо менен байланыштуу. Ишканадан Бишкек ЖЭБин көмүр менен камсыздоо кадимки тартипте жүргүзүлөрү белгиленди.

«Кыргызкөмүрдүн» басма сөз кызматы билдиргендей, отунду сатуу 2022-жылдын 10-январынан кийин жанданат.

Exit mobile version