Site icon Reporter.kg

Кара-Көл шаардык милициясы жаңы имараттуу болот

Жалал-Абаддын Кара-Көл шаардык милициясынын жаңы имаратынын курулушуна капсула салынды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Иш-чарага калаа башчысы Таалайбек Конкобаев, шаардык кеңештин төрагасы Чыңгыз Кимсанов, шаардык милициянын башчысы Эрнист Молдокеев катышты.

Эки кабат болуп салына турган жаңы имараттын курулушу ИИМ тарабынан каржыланууда. Анын аянты 650 чарчы метрди түзөт.

Белгилей кетсек, милиция бөлүмүнүн эски имараты 1974-жылы курулган.

Exit mobile version