Site icon Reporter.kg

Кара-Көл шаарына 8 млн сомго үч кичи автобус сатып алынат

Кара-Көл шаардык мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы үч кичи автобус сатып алууга тендер жарыялады. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар порталында айтылат.

Маалым болгондой, кичи автобустарды сатып алууга 7 млн 999 миң 998 сом каралган. Алар жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн алынууда.

Тендер 20-декабрда жарыяланган, арыздар 23-декабрга чейин кабыл алынат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version