Жалал-Абаддын Кара-Көл шаарында 33 жаштагы жаран асынган абалда табылды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка караганда, 8-июль күнү болжол менен саат 09:30да Кара-Көл шаарынын 33 жаштагы тургуну асынып каза болгон.
Бул окуя шаардык милицияда каттоого алынган.
«Окуя боюнча каза болгон жарандын апасы эч кимге доосу жоктугун билдирип, арыз жазуудан жана жансыз денени соттук-медициналык экспертизадан өткөрүүдөн баш тарткан», — деп билдиришти милициядан.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз