Site icon Reporter.kg

Кара-Кулжада ички чарбалык унаа жолдогу көпүрөнү сел алып кетти

Карагуз-Түшүнүк ички чарбалык унаа жолундагы көпүрөнү сел алып кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ош облусунун Кара-Кулжа районунда 10-май күнү саат 03:30 чамасында катуу жааган жаандын кесепетинен, Карагуз айыл аймагынын Түшүнүк айылында Карагуз-Түшүнүк ички чарбалык унаа жолунун 15-чакырымындагы көпүрөнү сел алып кеткен. Көпүрөнү калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү үчүн №26 ЖТИден 1 жүктөгүч тартылган.

Кошумча маалымат берилери айтылат.

Exit mobile version