Кара-Кулжада сел бир үй-бүлөнү агызып кетти

Кара-Кулжада сел төрт адамды агызып кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. Маалыматка караганда, райондун Жетим-Дөбө айылында түнү сел жүрүп, Daewoo Matiz үлгүсүндөгү автоунааны агызып кеткен. Бир бала куткарылып, үчөөнүн сөөгү табылып, 10 жашар бала изделип жатат. Белгилей кетсек, Ноокаттагы селден кийин 9 адамдын сөөгү табылып, бирөө изделип жатат.