Site icon Reporter.kg

Кара-Кулжада селде милиция кызматкери каза болду

Кара-Кулжада сел агызып кеткен үй-бүлөнүн башчысы Рыспек Арстанкулов ИИМдин күзөт кызматында иштеп келген. Бул тууралуу Reporter.kg’ге облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

36 жаштагы милиционер, 34 жаштагы жубайы, 12 жана 4 жаштагы уулу жана 8 жаштагы кызы менен бирге набыт болду.

Бир кызын Рыспек Арстанкулов  жээкке жеткирүүгө үлгүргөн. Унаадагы калган балдарын сактоо үчүн барганда өзү дагы селга агып кеткен.

Райондук милиция маркум кесиптешинин 4 жашар баласынын сөөгүн издөө иштерине жардам берүүдө.

Кара-Кулжада сел бир үй-бүлөнү агызып кетти

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Exit mobile version