Site icon Reporter.kg

Кара-Суу: Киши тоногон жаран колго түштү

Ош облусунун Кара-Суу районунун Савай айылынын 21 жаштагы С.А. аттуу тургуну кармалып, учурда тергөө иштери жүрүүдө. Бул туурасында Ош облустук милиция маалымат таратты.

Маалым болгондой, Кара-Суу шаарынын Ленин көчөсүндөгү “Кут-Ордо” кафесинин маңдайынан «самсунг-20А» үлгүсүндөгү телефонун күч колдонуу менен алып алган.  Жыйынтыгында ошол эле Савай айылынын 19 жаштагы Э уулу А. 10 миң сомго зыян тартканы ачыкталды.

Ал эми иш кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү ресстрине катталып, райондук милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Exit mobile version