Site icon Reporter.kg

Кара-Суу: Окуучусунун бутун сындырып алган директор менен мугалим иштен кетти

Кара-Суудагы No83 мектептин директору Умиджон Исаков жана дене тарбия мугалими 8-класстын окуучусу менен болгон чатактан кийин кызматтан кетишти. Бул тууралуу аймактык башкармалыктан билдиришти.

Окуя кечээ болгон. Дене тарбия сабагында 8-класстын окуучусу мугалимге буту ооруп машыга албай жатканын айткан. Анда мектептин дене тарбия мугалими жана штаттан тышкаркы директору окуучуну тээп, бутун сындырып алышкан.

Окуучунун ата-энеси милицияга арыз менен кайрылышкан.

Кара-Суу районунун ички иштер башкармалыгы иликтөө иштери башталганын белгиледи.

Соттун жүрүшүндө Умиджон Исаков баланы теппегенин, топту өткөрүп берип жатканда кокусунан тээп алганын айткан. Бирок окуяга күбө болгондор мугалим 8-класстын окуучусун атайылап тепкенин айтышууда.

Exit mobile version