Site icon Reporter.kg

Кара-Суу райондук паспорт столунун башчысы пара менен кармалды

19-июнда пара алып жаткан жеринен Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты каттоо департаментинин 06-04 аймактар аралык бөлүмүнүн башчысы пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу  УКМКдан билдиришти.

УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Калкты каттоо департаментинин 06-04 аймактар аралык бөлүмүндө, тактап айтканда Ош облусунун Кара-Суу райондук жарандык абалдын актыларын каттоо, калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмүндө жетекчилик тарабынан акча талап кылуу фактысы аныкталды.

Маалым болгондой, Кара-Суу райондук жарандык абалдын актыларын каттоо, калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмүнүн башчысы Т.Р.М. Кыргызстандын паспортторун берүү, ошондой эле Кыргызстандын жарандыгын алууга көмөк көрсөтүү үчүн жарандардан опузалап акча талап кылган. Бул фактынын негизинде УКМКнын Ош облусу боюнча тергөө башкармалыгы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүмүнө («опузалап пара талап кылуу») ылайык кылмыш иши козголду. Натыйжада Т.Р.М. 750 АКШ доллар алып жаткан жеринен кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында аталган кылмышты жасоого тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version