Site icon Reporter.kg

Кара-Суу райондук сотунун төрагасы пара алып жатып  кармалды, – сүрөт

Ош облусунун Кара-Суу райондук сотунун төрагасы пара алып жатып  кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. 

Маалыматка ылайык, УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматына Ж.З. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда Кара-Суу райондук сотунун төрагасы А.Ж.С. экинчи тарапка оң чечим чыгарып берүү боюнча аталган адамдан пара талап кылганы айтылган. 14-сентябрь күнү А.Ж.С. акчаны алып жаткан учурунда колго түшүрүлгөн.

Бул факты боюнча Жазык кодексинин 326-беренесинин 2-бөлүмү («Пара талап кылуу») боюнча сотко чейинки өндүрүш ачылып, Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө иштери башталган. 

[su_image_carousel source=»media: 40761,40760″ crop=»none» autoplay=»4″]

Exit mobile version